Министрлер Кабинети «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун дайындоонун тартиби жөнүндө жобону бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев №421 «Ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун дайындоонун тартиби жөнүндө» токтомго кол койду.
Бул ченемдик-укуктук акт Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, эрте жаштагы балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, балдардын жакырчылыгынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик социалдык жактан колдоону күчөтүүгө багытталган.
Кабыл алынган документке ылайык, жаңы «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулунун өлчөмү 1 200 сом өлчөмүндө белгиленет. Токтом 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте республикалык бюджеттен аталган төлөмдөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз каржылоо үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү тапшырылды.
Жөлөк пулду дайындоо процессин оптималдаштыруу максатында санариптик технологияларды жана мамлекеттик органдардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү кеңири колдонуу каралган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Президенттин Иш башкармалыгы жана «Түндүк» ААК менен биргеликте балдардын төрөлүшү тууралуу маалыматтарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз убагында өткөрүп берүүнү камсыздайт.
Ата-энелерге жөлөк пул алуу укугу тууралуу маалымат медициналык кызматкерлер тарабынан үймө-үй кыдыруу жана пландуу эмдөө иштеринин жүрүшүндө проактивдүү негизде берилет. Ошондой эле үч жашка чейинки балдардын амбулатордук маалыматтары «Бейтаптын санариптик медициналык картасы» маалыматтык тутумунда жүргүзүлөт.
Жөлөкпул алуучуларды толук камтуу максатында Президенттин Иш башкармалыгына жана «Кызмат» мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-июлуна чейин үч жашка чейинки балдары бар жарандардын жашаган жери боюнча каттоосун уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштардын колдонуудагы тизмелерине ылайык Даректер реестринин коддорун тактоо милдеттендирилди.














