Коррупцияга каршы күрөшүүнүн ыкмасы катары конкурстук негизде жумушка кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушка кабыл алууда конкурстук тандоо кадр саякатындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана дээрлик толугу менен жоюуга мүмкүндүк берген негизги инструмент болуп калганын билдирет.
Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, ачык-айкын конкурстук жол-жоболорду киргизүү талапкерлердин тандоого тең укуктуу катышуусун камсыздап, кадрларды тандоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2025-жыл ичинде жана 2026-жылдын экинчи чейрегинде бош кызмат орундарын ээлөө боюнча бардык жол-жоболор мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Конкурстар тууралуу маалыматтар расмий маалымат булактарына жарыяланып, талапкерлерди тандоо белгиленген квалификациялык критерийлердин негизинде жүргүзүлгөн.
Натыйжада, отчеттук мезгил ичинде коррупциялык көрүнүштөр, кызыкчылыктардын кагылышы, конкурстук комиссиялардын ишине кийлигишүү фактылары, ошондой эле тандоо жол-жоболорунун бузулушуна байланыштуу арыздар катталган эмес.
Министрлик ошондой эле конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү коррупцияга каршы мыйзамдар боюнча милдеттүү түрдө тааныштырылып, алардын талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартаарын белгиледи.
Кадр саясаты менен катар ачык-айкындуулук принциби мамлекеттик сатып алуулар тармагында да колдонулууда. Мекеменин маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же мыйзам бузуулар катталган эмес.
Эмгек министрлиги коррупцияга каршы механизмдерди чыңдоо боюнча иштер Кыргыз Республикасындагы 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында улантылып жатканын кошумчалайт.
Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коррупция схемалары жана көрүнүштөрү жөнүндө
www.anticorr.gov.kg сайтына
билдирсениз болот
КР Өкмөтунүн аппаратынын
ишеним телефону:
(0312)625-385 (9:00 18:00 чейин иш күндөрү)
Кара-Көл шаарындагы балдардын жана жаштардын абалы