“Бала ырысы” боюнча көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

Атасы Россияда, бала КРде энеси менен жашаса ала алабы?

 

Ала алат.

“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн алардын социалдык-экономикалык абалына жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, ата-энелер же асырап алуучулар, камкорчулар/убактылуу камкорчулар, ошондой эле жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген  ишеним кат боюнча ишенимдүү адам кайрылууга укуктуу:

1) бала (балдар) төрөлгөндө жана алар 3 жашка чыкканга чейин;

2) 3 жашка чейинки бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда.

 

Никеси катталбаган үй бүлөнүн балдары алабы?

Ажырашкан же жесир жалгыз бой энелер ала алабы?

 

Ала алат. Нике тууралуу күбөлүк талап кылынбайт.

  1. “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон документтер:

1) ата-эненин паспорту же кайрылмандын күбөлүгү;

2) баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

3) ата-эненин жана баланын (балдардын) ИЖНи;

4) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашагандыгын ырастоочу жашаган/турган жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтар;

5) чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандары “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулуна кайрылган учурда балага таризделген Кыргыз Республикасынын паспорту же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экени жөнүндө маалымкат;

6) ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан арыз берилгенде төмөнкүлөр зарыл:

– паспорт;

– жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;

– балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

 

Бала башка өлкөдө туулуп, ошол жактан метрика алса, бирок КР жараны болсо, ала алабы?

 

Ала алат. Мында, чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандары “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулуна кайрылган учурда балага таризделген Кыргыз Республикасынын паспорту же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экени жөнүндө маалымкат керектелет.

Үй-бүлө толугу менен Россияда жашап жүрсө, бирок КР жарандары, Бала ырысын алабы?

 

Ала албайт. Кыргыз Республикасында жашаш керек.

 

Соцконтракт алгандар алабы?

 

Ала алат.

“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулу дайындоо үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жүргүзүлөт.

 

Үй бүлөнүн бардык мүчөлөрү бир жерде учетто болушу керекпи? Атасы башка жакта учетто болсо, эмне болот?

 

Арыз берүүчү жана баланын бир жерде жашоосу зарыл.

 

“Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон документтер:

1) ИЖНди көрсөтүү менен ата-эненин паспортунун же кайрылмандын ырастамасынын көчүрмөсү;

2) ИЖНди көрсөтүү менен баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

3) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашагандыгын ырастоочу жашаган (турган) жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтар;

4) чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары бар Кыргыз Республикасынын жарандары “Бала ырысы” ар айлык жөлөкпулуна кайрылган учурда балага таризделген Кыргыз Республикасынын паспорту же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экени жөнүндө маалымкат;

5) ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан арыз берилгенде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

– паспорт;

– жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;

– балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

6) кайрылман статусу бар адам тарабынан арыз берилгенде чет мамлекеттин жаранынын паспорту жана анын мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу берилет. Мыйзамда каралган учурларда, эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, көрсөтүлгөн документтер консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.

Пайдалуу
Ссылкалар