Эмгек министрлиги менен БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстандагы качкындардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи орун басар К.С. Досматов өзүнүн сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгына качкындардын укуктарын коргоо жаатында туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргыз Республикасы 1996-жылдан бери БУУнун 1951-жылдагы Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясынын катышуучусу экенин белгилеп, өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында качкындарды коргоого байланышкан маселелерди чечүүгө салым кошуп жатканын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Качкындар боюнча глобалдык келишимдин алкагында алган милдеттенмелерин аткаруу маселелерин талкуулашты.

К.С. Досматов министрлик тарабынан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык качкындар үчүн жол жүрүү документин киргизүүгө багытталган практикалык чараларды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы №49 токтому менен качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Аталган токтом 2026-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирет.

Качкындардын жол жүрүү документтерин тариздөө жана жекелештирүү процесстерин мындан ары өркүндөтүү максатында жакынкы келечекте качкындарды эсепке алуу боюнча адистештирилген маалымат базасын түзүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды интеграциялоо пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө мандаттык качкындарга байланышкан маселелер, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын эмгек ишмердүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн мыйзамдык жөнгө салуу маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоонун улуттук системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен ишти улантууга ниеттенишкенин ырасташты.

Пайдалуу
Ссылкалар