Эмгек министрлигинин жетекчилиги кызматкерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө жана Иш менен камсыз кылуу жана миграция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаевдин атынан министрликтин кызматкерлерин, тармактын ардагерлерин жана социалдык өнөктөштөрдү министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов куттуктады.
Өз сөзүндө ал мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, калкты иш менен камсыз кылууда, жарандарды социалдык жактан коргоодо жана адамдык капиталды өнүктүрүүдө мамлекеттик кызматкерлер менен иш менен камсыз кылуу жана миграция тармагынын кызматкерлеринин маанилүү ролун белгиледи.
Көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Кызматташтык» медалы, «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.
К.С. Досматов кызматкерлерге ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, жаңы кесиптик ийгиликтерди жана элдин, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктерди каалады.














