«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын 4 айындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар жазылат, журналга катталат, аларга анкета толтурулат.

2019 – жылдын 4 айында (январь – апрель) 47726 телефондон кайрылуу же бир суткада 397 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 799 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (101 же 12,6% жаш балдардан, ал эми 698 же 87,4% чоң адамдардан түшкөн), 497 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 63 абонентке психологиялык консультация берилди, 239 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 799 чалуунун  ичинен эркектерден – 212 (26,5%), аялдардан – 587 (73,5%), балдардан – 101, анын ичинен эркек балдардан – 37 (36,6%), кыздардан – 64 (63,4%).

Кайрылган абоненттердин көбү 302 чоң адамдар же 37,8% социалдык жардам сурап чалган. Алар балдарга мамлекеттик жөлөкпул чектөө жана төлөө, персоналдык ассистенттин кызматын, айлык акыны, УАМС катышуучусуна компенсация төлөө, камкорчусунан ажырагандыгына байланыштуу пенсия, пособие чектөө, балдарды асырап алуу, камкордукка берүү, балдарды интернат тибиндеги балдар үйүнө, же реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, мүмкүнчүлүгү чектелген балагакөп функционалдуу коляска кароочу адам балдарга туулган тууралуу күбөлүк алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнү суу менен камсыз кылуу тууралуу.

Борборго кайрылган 87 же 10,9% абоненттер матриалдык, финансылык, юридикалык, балдарга реабилитациялык борбор же убактылуу башпаанек, психолог, логопед керектиги, жер тилке берүүнү, адвокат, юрист, үй, жер берүү, мүлк бөлүштүрүү, алимент тууралуу, үй – бүлөнү, тилемчилерди текшерүү, мамлекеттик  мекеме уюмдардын даректерин, эрте турмушка чыккан өспүрүм кыздын никеге туруусу, салттуу ыкма менен дарыланууга мажбурлоо учурларда жардам сурашкан.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 83 же 10,3% абонент чалган. Буларга энелер тарабынан  балдарын аталарына жолуктурбай, туугандар, балдар менен ата – энелердин арасында  түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, ажырашканда балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, күйөөсү, баласы тарабынан коркутуу, ата – энелик милдеттерди аткарбагандыктан, алимент төлөбөө, мүлк бөлүштүрүү себеп болгон.

72 же 9,0% абоненттер балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарлаган. Анын ичинен 7 абонентке ИИБ жана сотко кайрылуу сунушталган, 1 факт тастыкталган, 19 факты тастыкталган эмес. Ошондуктан бардык үй – бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Психологиялык жабырлануудан  52 же 6,5% абонент, алардын ичинен 40 жаш балдар кайрылган. Жаш балдардын кайрылуусуна баарлашуунун жетишпездиги, жалгыздык сезими, ата – энелери менен болгон  чыр–чатактан, келишпестиктен, өспүрүмдөрдүн, тең туштардын бири – бири менен болгон таарынычтардан, ата – энелери тарабынан түшүнбөстүк, депрессияда болуудан, эркинин жетишпестигинен, атасынын жүрүм – турумунан корккондуктан, эрте никеге турууга мажбурлагандан, туугандарына тынчсыздануудан, музыкалык аспапты жоготкондугунан, өткөн окуяга байланыштуу, экзамен тапшырууда, калп айтуу адатынан, салтка жатпаган багыттан, апасына таарыныч  болгон. Жаш балдар көбүнчө  психологиялык жабырлануунун кесепетинен кайрылган.

48 же 6,0% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, баласы, кошунасы, белгисиз эркектер тарабынан, эрте никеге турууга мажбурлоо);

Билим берүү системасы боюнча 46 же 5,7% абонент чалып, мектептин мугалимдеринин, класс жетекчинин, социалдык педагогдун, директордун, мектепке акча чогултууга, балдар бакчасынын администрациясынын ишине нааразычылык, жаш балдардын эмгегин колдонуу, окуучу кызды кемсинтүү боюнча билдирген.

28 же 3,5% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  чалуулар түшкөн;

21 же 2,6% кайрылуу балдарга карата болгон кайдыгер мамиле тууралуу тушкөн, анын 10 фактысы аныкталган жок, бирок 2 үй – бүлөө каттоого алынып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 1 бала убактылуу үйдөн алынып, балдар үйүнө жайгаштырылды;

19 же 2,4% абонент Борбордун милдеттери жана иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган;

18 же 2,3% чалуулар ар кандай суроолор боюнча (соцтармак аркылуу коркутуу, маршруттук таксилерге арыздануу, бей тааныш адамдардан балдарды сактоо, тынчтык бербеген кошуналар, балдарга зыян оюнчуктардын сатылуусу, адашкан иттер жөнүндө);

11 же 1,4% абонент медициналык камсыз кылуу  боюнча чалган;

9 же 1,1% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирген;

– 2 же 0,5% мектептеги рэкет боюнча.

46927 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетсек, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

239 кайрылуунун ичинен 197 же 82,4% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  26 же 10,0% – ички иштер органдарына, 9 же 3,8% – билим берүү органдарына, 3 же 1,3% -саламаттыкты сактоо органдарына, 4 – же 1,6%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн 799 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан   –251 же 31,4 %;

– Чуй облусу –159 же 19,9%;

– Ош облусу – 100 же 12,5 %;

– Жалал – Абад облусу –  107 же 13,4%;

– Ысык – Көл облусу – 70 же 8,8%;

– Баткен облусу – 44 же 5,5 %;

– Талас облусу – 35 же 4,4 %;

– Нарын облусу –32 же 4,0 %;

– аноним – 1 же 0,1%.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

– 5 өспүрүм убактылуу интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырылды;

– 21 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 5 үй-бүлө менен райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын балдарды жана үй – бүлөөнү коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери  тарабынан балдарды тарбиялоо жана багуу тууралуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү;

– 19 абонентке тийиштүү маммлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга жардам көрсөтүлдү;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу 1 факты боюнча шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин мугалимдери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн боюнча РИИБ  1 факт боюнча аял арыз жазды;

– 3 бала үй – бүлөдөн алынып, туугандарынын камкордугуна убактылуу берилди;

– 1 үй – бүлөгө жеригиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү;

– 2 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

Пайдалуу
Ссылкалар