ШКУнун Башкы катчысынын орун басары: Аялдардын чечим кабыл алуудагы катышуусу саясаттын сапатын жогорулатат
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Аялдардын лидерлиги» форумунда ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук турмуштагы ролун кеңейтүүнүн маанисин белгиледи.
Ал өз сөзүндө аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу мамлекеттердин туруктуулугу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарт экенин айтты. Анын белгилешинче, аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине толук кандуу катышуусу адилеттүү коомду калыптандырууга жана заманбап чакырыктарга натыйжалуу жооп берүүгө өбөлгө түзөт.
Пяо Янфань ШКУга мүчө мамлекеттер аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын саясий, экономикалык жана социалдык абалын жакшыртуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдап жатканын белгиледи.
Баяндамада Пекин декларациясынын жана Иш-аракеттер платформасынын кабыл алынганына 30 жыл толгонуна өзгөчө көңүл бурулду. ШКУнун Башкы катчысынын орун басары акыркы ондогон жылдарда билим берүү, аялдарды зомбулуктан коргоо жана кыздардын STEM (илим, технология, инженерия жана математика) багыттарындагы билимге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.
Ал ошондой эле аялдардын лидерлигин андан ары өнүктүрүү, аялдар ишкердигин колдоо жана алардын санариптик экономикадагы катышуусун кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Аялдар чечим кабыл алуу процесстерине катышкан жерде кабыл алынган чечимдердин сапаты жогорулайт», — деди ШКУнун өкүлү.
ШКУнун Аялдар форуму 26–27-июнда Бишкекте өтүп, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Алар гендердик теңчилик, лидерлик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулап жатышат.














