Пакистандын Аялдардын абалы боюнча улуттук комиссиясынын төрайымы ШКУнун Аялдар форуму – 2026да сөз сүйлөдү

2026-жылдын 26–27-июнунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форуму – 2026нын алкагында Пакистандын Аялдардын абалы боюнча улуттук комиссиясынын төрайымы Нурин Бано Лехри айым баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасына аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча маанилүү диалог аянтчасын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, туруктуу экономикалык өнүгүү аялдардын экономикалык өсүштү жаратууга, башкарууга жана анын натыйжаларын бөлүштүрүүгө тең укуктуу катышуусусуз мүмкүн эместигин белгиледи.

Нурин Бано Лехри айым Пакистандын аялдары айыл чарбасын, өнөр жайды, кызмат көрсөтүү тармагын, технологияларды, ишкердикти жана формалдуу эмес экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге, ал аялдардын эмгек рыногундагы үлүшүнүн төмөн бойдон калышы, эмгек акыдагы гендердик ажырым, жетекчилик кызматтарга жетүүдөгү чектөөлөр, жумуш ордундагы кысым көрсөтүүлөр жана эмгектенген аялдарды колдоо механизмдеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр дагы эле сакталып жатканын белгиледи.

Өзгөчө көңүл коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга, аялдардын кесиптик көндүмдөргө, каржылоого, санариптик технологияларга жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө бурулду.

Жыйынтыгында Нурин Бано Лехри айым ШКУга мүчө мамлекеттер аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, санариптик инновацияларды илгерилетүү жана аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба алмашууну күчөтүү үчүн чоң потенциалга ээ экенин белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар