ШКУнун Аялдар форумунун экинчи күнү маданий мурастарды даңазалап, эл аралык гуманитардык кызматташтыкты чыңдады
Бишкек, 27-июнь — Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форумунун экинчи күнү маданий алмашууга, улуттук каада-салттарды сактоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.
Эл аралык аянтчага Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Ирандын, Пакистандын, Беларустун өкүл айымдары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун биринчи күнү расмий бөлүккө, пленардык жыйындарга жана баяндамачылардын сөздөрүнө арналса, экинчи күнү ШКУга мүчө өлкөлөрдүн элдеринин маданий мурастарын таанытууга багытталган мазмундуу программа менен уланды.
Иш-чаралар «Айкөл-Ордо» этнокомплексинде өтүп, коноктор кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана улуттук баалуулуктары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Күндүн негизги окуяларынын бири болуп этностилдеги мода көргөзмөсү өттү. Анда Batyrova Luxury, Перизат Тойчубекова жана Газбүбү өздөрүнүн автордук коллекцияларын сунушташты. Дизайнерлердин эмгектеринде заманбап мода менен кыргыз элинин улуттук оймо-чиймелери, салттуу кол өнөрчүлүк ыкмалары жана этностил өзгөчө айкалышып, улуттук маданий мурастын байлыгы чагылдырылды.
Форумдун катышуучулары кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири болгон «Жаа атуу» өнөрүнүн көрсөтмөсүнө да күбө болушту. Бул өнөр кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары чоң кызыгуу жаратты.
Маданий программанын алкагында колдонмо өнөр жана этноашкананын көргөзмөсү уюштурулуп, анда элдик усталардын кол эмгектери, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана кыргыз элинин салттуу тамак-аштары сунушталды. Коноктор кыргыз элинин меймандостугу, улуттук кол өнөрчүлүгү жана ашканасы менен кеңири таанышышты.
Программа «Айкөл-Ордо» этнокомплексинин ачык асман алдындагы көргөзмөсү менен жыйынтыкталды. Анда көчмөн цивилизациясынын маданий мурастары, улуттук турмуш-тиричилик жана элдик чыгармачылык кеңири тааныштырылды.
ШКУнун Аялдар форумунун экинчи күнүндөгү маданий программа мамлекеттер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана өнөктөштүктү чыңдоодо маданий-гуманитардык кызматташтыктын өзгөчө маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.















