Эмгек министрлиги аймактык МСЭКтерге дарыгер-эксперт кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жарыялайт

Квалификациялык талаптар

Билими:
Жогорку медициналык билимге ээ болушу жана төмөнкү төрт адистиктин бири боюнча билим алышы зарыл:

  • терапевт;
  • хирург;
  • невропатолог;
  • кардиолог.

Адистиги:
Өзүнүн профили боюнча жарактуу адистик сертификатынын болушу.

Иш тажрыйбасы:
Саламаттык сактоо уюмдарында кеминде 5 жылдык клиникалык иш тажрыйбасы болушу керек (жалпы кызматтык нускамага ылайык). Ошону менен катар, 5–7 жылдык иш тажрыйбасы бар талапкерлерге артыкчылык берилет.

Кошумча артыкчылык:
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча экспертиза жүргүзгөн Дарыгердик-консультациялык комиссиянын (ДКК) курамында иштегендиги тастыкталган талапкерлерге артыкчылык берилет.

2. Санариптик компетенциялар жана электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) менен иштөө

Электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС):
Электрондук документ жүгүртүү системалары менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушу.

Компьютердик сабаттуулук:
Компьютерди ишенимдүү колдонуучу деңгээлинде билүүсү.

Үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк:
«МСЭК» маалыматтык системасынын маалымат базасында жеке эсепке алууну жүргүзүүнүн функционалын жана эрежелерин ыкчам өздөштүрө билүүсү.

Отчеттуулукту түзүү:
Айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык отчетторду өз алдынча даярдоо көндүмдөрүнө ээ болушу.

Эмгек тартиби:
Кызматтык баш ийүү тартибин, субординацияны жана ички эмгек тартибинин эрежелерин так сактоосу.

Юридикалык жоопкерчилик:
Кабыл алынган эксперттик чечимдер үчүн жеке жарандык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин алууга даяр болушу.

Эксперттик корутундуларды коргоо:
Соттук териштирүүлөрдө өзүнүн эксперттик корутундуларынын мыйзамдуулугун кесиптик жана психологиялык жактан негиздеп, коргой билүүгө даяр болушу.

Пайдалуу
Ссылкалар