Эмгек министрлигинде кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды
2026-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасынын презентация көрсөтүлдү. Катышуучуларга Программанын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалары, анын негизги багыттары, ошондой эле эмгек миграциясынан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарына комплекстүү колдоо көрсөтүү системасын түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун негизги механизмдери тааныштырылды.
Ошондой эле катышуучулар эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Анда кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коом институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын өз ара макулдашылган жана тыгыз кызматташуусунун негизинде гана мүмкүн экендиги белгиленди.














