МСЭК кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысы орточо 100 пайызга жогорулатылды.
Эмгек акыны жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык ишке ашырылды.
Буга чейин дарыгер-эксперттер орточо 14 миң сом, ал эми МСЭКтин төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышса, бүгүнкү күндө аймактык комиссиялардын дарыгер-эксперттеринин эмгек акысы эмгек стажына жана кошумча төлөмдөрүнө жараша 50–60 миң сомду түзөт. Бийик тоолуу аймактарда бул көрсөткүч 80–90 миң сомго чейин жетет.
Министрликтин маалыматына ылайык, эмгек акыны жогорулатуу коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу чараларынын бири болуп, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.














