МСЭКти санариптештирүү: msek.kg сайтында статистика, нускамалар жана кайтарым байланыш сервистери жеткиликтүү
Бүгүн өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору К. Ташполотов мекеменин расмий msek.kg сайтында ишке киргизилген жаңы санариптик сервистерди тааныштырды. Алар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.
Анын айтымында, msek.kg сайты жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатуу жана алардын сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн.
Сайттан колдонуучулар Кыргыз Республикасынын облустары боюнча майыптыгы бар адамдардын саны жана майыптык топтору боюнча бөлүштүрүлүшү тууралуу актуалдуу статистикалык маалыматтар менен тааныша алышат. Ошондой эле бардык райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) жайгашкан жерлери көрсөтүлүп, жарандарга керектүү бөлүмдү тез табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Мындан тышкары, порталга майыптыкты белгилөө жол-жобосунан өтүү боюнча этап-этабы менен түшүндүрүлгөн нускамалар жайгаштырылган. Анда кайрылуунун тартиби, талап кылынуучу документтердин тизмеси жана медициналык-социалдык экспертизадан өтүүнүн бардык этаптары кеңири баяндалган.
Өзгөчө көңүл жарандар менен кайтарым байланышка бурулган. Сайтта МСЭКтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин QR-коддору жайгаштырылган. Алар аркылуу жарандар көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына баа берип, кызматкерлердин иши боюнча пикир калтыра алышат, кызматтын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын жөнөтө алышат, ошондой эле МСЭК системасындагы актуалдуу бош жумуш орундарын көрө алышат.















