8-майда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекеменин жашоочуларын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады
8-майда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекеменин жашоочуларын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.
Статс-катчы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атынан каалоо-тилектерин айтып, социалдык стационардык мекеменин суранычы боюнча эки муздаткыч, телевизор белек кылды.
Аталган мекеде УАМСта курман болгондордун 3 жесири жана 1 оруктун эмгекчиси жашайт:
– Крамарева Анна Семеновна – оруктун эмгекчиси;
– Осипова Александра Ивановна – УАМСта курман болгондун жесири;
– Ретьева Валентина Федоровна – УАМСта курман болгондун жесири;
– Кравченко Татьяна Ивановна – УАМСта курман болгондун жесири.