Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик мекемеде иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулду
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде (РПОБМ) мекеменин ишинин ачык-айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга багытталган заманбап механизмдерди киргизүү иштери улантылууда.
Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдан тартып мекемеде видеокөзөмөл системасы иштеп келет. Бүгүнкү күндө РПОБМнын аймагына жалпысынан 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.
Камералар өндүрүштүк цехтердин негизги участокторуна, кампаларга, административдик бөлүккө жана өндүрүш имаратынын айланасына жайгаштырылган.
Видеокөзөмөл системасын киргизүүнүн негизги максаты – протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышын көзөмөлдөө, чыгымдалуучу материалдарды кабыл алуу жана эсептен чыгаруу процессинин тактыгын жогорулатуу, ошондой эле ички эмгек тартибин сактоону күчөтүү болуп саналат.
Видеокөзөмөл системасы төмөнкү маанилүү милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет:
- чыгымдалуучу материалдардын ачык-айкын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- мыйзамсыз схемалардын алдын алуу жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоо;
- өз милдетин ак ниет аткарган кызматкерлерди негизсиз айыптоолордон коргоо;
- ички эмгек тартибинин сакталышын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу.
Ошондой эле система бейтаптардын да, мекеменин кызматкерлеринин да укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурат. Видеожазуулар протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессинде жаралышы мүмкүн болгон талаштуу жагдайларды объективдүү кароого мүмкүндүк берип, аларды адилеттүү жана ачык-айкын чечүүгө өбөлгө түзөт.
Видеокөзөмөл системасы Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык орнотулган.














