Эмгек министрлиги жаңы «Бала ырысы» жөлөкпулу боюнча эң көп берилген суроолорго жооп берди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып арыздарды кабыл алуу башталган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоо боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.
Министрлик эске салгандай, бул жөлөкпулду Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле кайрылман макамы бар, үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан адамдар ала алышат. Негизги шарттардын бири – бала жөлөкпул алуучу менен чогуу жашашы керек.
Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомду түзөт. Айрым калктуу конуштарда төлөм дайындалганда райондук коэффициенттер колдонулат.
Арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Эгер электрондук кызматты колдонууга мүмкүн болбосо, документтерди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары кабыл алышат. Документтердин толук топтому тапшырылган учурда арыз кайрылган күнү каралып, жөлөкпул автоматтык түрдө дайындалат.
Министрлик ошондой эле жөлөкпул үй-бүлөнүн материалдык абалына, «Социалдык контракт» программасына катышуусуна жана башка мамлекеттик жөлөкпулдардын көпчүлүгүн алуусуна карабастан төлөнөрүн түшүндүрдү. Өзгөчө учур катары бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү «Бийик тоолу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайынкы жөлөкпулу эсептелет. Бирок жаран бул төлөмдөн баш тартып, анын ордуна «Бала ырысы» жөлөкпулун жол-жоболоштура алат.
Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр жөлөкпулду ала алышат. Мында үч жашка чейинки ар бир балага өзүнчө жөлөкпул дайындалат. Аны ата-энесинин бири, асырап алуучу, камкорчу же ишеним каттын негизинде өкүлү жол-жоболоштура алат. Нике тууралуу күбөлүк талап кылынбайт, ошондуктан жөлөкпул жалгыз бой жана ажырашкан ата-энелер үчүн да жеткиликтүү.
Эгерде атасы, мисалы, Орусияда эмгек миграциясында жүрүп, ал эми бала энеси менен Кыргызстанда жашаса, мындай үй-бүлө да жөлөкпул алууга укуктуу. Ошол эле учурда бала да, жөлөкпул алуучу да туруктуу түрдө Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаса, жөлөкпул дайындалбайт.
Эмгек министрлиги белгилегендей, жөлөкпул мамлекеттик Элдик Банк жана Айыл Банк аркылуу төлөнөт. Бул банктардын маалыматтык системалары мамлекеттик система менен интеграцияланган. Кийинки этапта дагы 13 коммерциялык банкты туташтыруу пландалууда.
Жөлөкпул дайындоо боюнча кеңештерди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой эле 111 Балдар үчүн ишеним телефону аркылуу алууга болот.














