Жыл башынан бери 2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар жарандарды санаторий-курорттук дарылоо менен камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

2026-жылдын 1-июлуна карата санаторий-курорттук дарылоодон 2 906 кызмат алуучу өттү. Анын ичинде:

  • I топтогу майыптыгы бар 674 адам;
  • II топтогу майыптыгы бар 2 013 адам;
  • III топтогу майыптыгы бар 219 адам.

Жарандарды ден соолугун чыңдоо иш-чаралары республиканын үч санаторий-курорттук мекемесинде жүргүзүлдү.

Эң көп кызмат алуучуларды «Көгүлтүр Ыссык-Көл» санаторийи кабыл алып, анда 1 950 адам эс алып, дарылоодон өттү. Ал эми К. Мамакеев атындагы санаторий-профилакторийде 726 адам санаторий-курорттук дарылоодон өттү.

«Воронцовка» санаторийинде 230 адам ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алды.

Жарандарды санаторий-курорттук дарылоо менен мындан ары да камсыздоо максатында Министрлик тиешелүү мекемелер менен келишимдерди түзүүнү улантууда.

2026-жылы өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча 3 251 санаторий-курорттук жолдомо сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Алардын алкагында Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илимий-изилдөө институту («Воронцовка» санаторийи) менен 687 орунга, ал эми К. Мамакеев атындагы санаторий-профилакторий менен 2 564 орунга келишимдерге кол коюлду.

Министрлик майыптыгы бар жарандарды ден соолугун чыңдоого, реабилитациялоого жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган сапаттуу санаторий-курорттук кызматтар менен камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.

Санаторий-курорттук жолдомолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457 токтому менен бекитилген «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар