Эмгек министрлиги: Аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш күнүн кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмес
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет: Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Эмгек кодексинде абанын аномалдуу жогорку температурасына байланыштуу жумуш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу каралган эмес.
Ошол эле учурда мыйзамдарга ылайык, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
Министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин жана ал кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын эскертет.
2026-07-13














