Эмгек министрлиги: жыл башынан бери жарандар «Пикир» системасы аркылуу 2 904 пикир калтырышты
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Пикир» кайтарым байланыш маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Пикир» системасынын QR-коддору Министрликтин имаратынын кире беришинде, өлкө боюнча Министрликтин аймактык башкармалыктарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө, ошондой эле Министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган.
QR-кодду сканерлөө аркылуу ар бир жаран өзүнүн пикирин, сунушун же сын-пикирин калтыра алат, ошондой эле Министрликтин, анын аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишинин сапатына баа бере алат.
2026-жылдын 1-июлуна карата «Пикир» маалыматтык системасы аркылуу жалпысынан 2 904 пикир жана сунуш келип түшкөн. Анын ичинен 116сы Министрликтин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
Кайтарым байланыш Министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары да жакшыртууга өбөлгө түзөт.















