Эмгек министрлиги: Эмгек рыногунда 8,4 миң бош жумуш орду бар
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды ишке орноштурууга, кесиптик окутууга жана ылайыктуу жумуш табууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. 2026-жылдын башынан бери аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын жардамы менен 7 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турган, алардын 34 317си жаштар. Расмий жумушсуз макамын 37 886 адам алган. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштар категориясына кирет.
Жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында министрликтин адистери иш берүүчүлөр менен кадрларга болгон муктаждыкты аныктоо боюнча туруктуу негизде иш алып барышат. 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 106 бош жумуш орду сунушталган, алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзгөн. Ошол эле учурда 2026-жылдын 1-июлуна карата 8 450 бош жумуш орду бар.
Эмгек рыногунда жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга 3 451 жумушсуз жаран жөнөтүлгөн. Окутуу эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер боюнча уюштурулган. Алардын катарына ашпозчу, тигүүчү, 1С программасын билген бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, компьютер оңдоо боюнча адис, электр-газ ширетүүчү, сантехник, косметолог, массажист, дизайнер жана иш берүүчүлөр тарабынан суроо-талап жогору болгон башка кесиптер кирет.
Убактылуу иш менен камсыз кылуу программаларынын алкагында акы төлөнүүчү коомдук иштерге 9 669 жаран жөнөтүлүп, бул аларга убактылуу киреше табууга жана эмгек көндүмдөрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматтарына ар кандай маселелер боюнча 77 551 жаран кайрылган. Алардын ичинен 52 807 адам ишке орношуу, эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.
Министрлик иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтар жарандарга жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эскертет. Жарандар жумушсуз катары каттоого туруп, бош жумуш орундарын тандоодо жардам алып, кесиптик окуудан өтүп, акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышып, ошондой эле «Жаштардын стажировкасы» программасынан пайдалана алышат.














