Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 67 миңден ашуун балдар алды
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды. Аталган төлөмдү каржылоого 271,034 млн сом багытталды.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 967 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.
2026-07-15














