Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга кабылган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган киреше алып келүүчү «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууну улантууда.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 7 042 социалдык контракт түзүлдү. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.

«Социалдык контракт» программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты – үй-бүлөлөргө өз ишин баштоого көмөк көрсөтүү, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүү.

Алгач мамлекеттик колдоонун өлчөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Программа өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө: алгачкы катышуучулардын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты.

Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт.

2026-жылы программага 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоого ээ болот.

Мындан тышкары, Министрлик «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын ишке ашырууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, анын аркасында өз ишкердигин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

«Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.

Пайдалуу
Ссылкалар