Жыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги медико-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) системасын өркүндөтүү боюнча ырааттуу иштерди улантууда. Бул багытта заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана майыптыкты аныктоо жол-жоболорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири – системанын ачыктыгын жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана медико-социалдык экспертизаны жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу болуп саналат.

2025-жылы «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында МСЭКтин бизнес-процесстери оптималдаштырылган. Натыйжада берилүүчү документтердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылып, «Түндүк» мамлекеттик ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына интеграцияланган.

Санариптештирүүнүн аркасында жарандар майыптык тууралуу маалымкатты жана жеке реабилитациялоо (абилитациялоо) программасын өздөрүнө ыңгайлуу убакта онлайн режиминде ала алышат. Бул документтерди алуу үчүн МСЭКке жеке баруу зарылдыгын жоюуга, кезектерди кыскартууга жана жарандардын убакыттык жана финансылык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берди.

Жыл башынан бери майыптыкты аныктоо боюнча күбөлөндүрүүдөн 21 839 адам өттү. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайызга же 438 адамга көп.

Майыптыгы бар адам катары таанылган жарандардын саны 2,4 пайызга же 495 адамга көбөйүп, 20 506 адамды түздү. Алардын ичинен 5 276 жаранга майыптык биринчи жолу белгиленген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга же 262 адамга көп. Ал эми 15 230 адамга майыптык кайрадан белгиленип, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга же 233 адамга жогорулады.

Мындан тышкары, отчеттук мезгилде 20 862 жаранга майыптыгы бар адамдардын жашоо-тиричилигин калыбына келтирүүгө, өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган жеке реабилитациялоо жана абилитациялоо программалары иштелип чыгып, таризделди.

Пайдалуу
Ссылкалар