Эмгек министрлиги: «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн баланын жарандыгын тастыктаган маалымкатты Калкты тейлөө борборунан алуу керек
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: эгерде балада Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо зарыл.
Бул үчүн ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылып, жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тастыктаган маалымкатты (баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо бөлүгү боюнча) алышы керек.
Калкты тейлөө борборуна кайрылууда кызматкерге маалымкат «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн керек экендигин билдирүү зарыл.
Арыз берүү үчүн электрондук кезекке талон алуу талап кылынат. Маалымкат белгиленген тартипте берилет жана аны даярдоо мөөнөтү 14 жумуш күнүнө чейин созулат.
Министрлик жөлөкпулду дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдү болтурбоо үчүн бул документти алдын ала тариздеп алууну сунуштайт.














