2026-жылы майыптыгы бар жарандарга 257 араба берилди
Майыптыгы бар адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы №269 токтому менен бекитилген “Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык жүргүзүлөт.
Майыптардын кресло-коляскаларын алуу укугу майыптыгы бар, Кыргыз Республикасынын жарандарына 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Майыптыгы бар адамдарга үйдө жана сыртта туруктуу колдонуу үчүн стандарттык же көп функциялуу майыптардын кресло-коляскалары 3 жашынан баштап бекер берилет.
Майыптардын кресло-коляскасын бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) корутундусу негиз болот.
Майыптардын кресло-коляскасын алуу үчүн майыптыгы бар адам аймактык башкармалыктарга төмөнкү документтерди берет:
– арыз;
– МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсү.
2026-жылы аймактык башкармалыктар аркылуу майыптыгы бар жарандарга 257 даана майыптар коляскасы берилди. Алардын ичинде чоңдор үчүн майыптар коляскалары, балдар үчүн көп функциялуу майыптар коляскалары, ошондой эле гуманитардык жардам катары алынган майыптар коляскалары бар.














