Эмгек министри жарандарды жеке кабыл алды
2026-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коомдук кабылдамасында министр Канат Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө министрге беш жаран кайрылды. Жарандар чет өлкөдө ишке орношуу, Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш табууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле ардак наам ыйгарууга байланыштуу документтерди тапшыруу маселелерин көтөрүштү.
Министр бардык кайрылуулар боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын алкагында кароо үчүн министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берди.

2026-07-24














