Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт
Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт
Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:
– мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө;
– Маектешүү.
- Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
Жалпы Мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик мыйзамдарды билүү
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 27–июль айынан баштап 7–августуна чейин, он календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ноокен району,Масы айылы, Т. Эшенкулов көчөсү №43 Сурап билүү тел.:(03734)5-00-52, 0553380808














