Эмгек министри БУУнун Туруктуу координатору менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады

2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө багытталган биргелешкен аракеттерге, атап айтканда жакырчылыкты кыскартуу, татыктуу иш менен камсыз кылуу, гендердик теңчиликти камсыздоо, социалдык коргоону күчөтүү жана калктын аялуу катмарларын колдоо маселелерине бурулду.

Министр БУУ системасы менен көп жылдардан берки өнөктөштүктүн маанисин белгилеп, социалдык чөйрөдөгү реформаларды ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Антье Граве Министрлик БУУ системасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну улантуу ниетин ырасташты.

Пайдалуу
Ссылкалар