Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча пландын долбоору Бишкекте талкууланды
2026-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Пландын долбоорун талкуулоого арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун тегерек столу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, бул документ калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын негизги инструменттеринин бири болуп калат.
Анын айтымында, жакырчылыкты кыскартуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбестен, жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө негизделиши керек.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка аз.
Программанын артыкчылыктуу багыттары катары аймактарда иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана ички эмгек рыногуна кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү белгиленген.
Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулардын сунуштары Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Программанын долбоорун толуктап иштеп чыгууда эске алынат.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун иши Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине, ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берилген Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
















