Талас облусунда «Бала ырысы» жөлөкпулуна 9076 жаран арыз берди
2026-жылдын 30–31-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жумушчу сапар менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында министрликтин жетекчиси райондук жана шаардык башкармалыктарды кыдырып, алардын ишмердүүлүгү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана калкты тейлөө шарттары менен таанышууда.
Талас шаарында министр социалдык камсыздоо боюнча аймактык башкармалыкка барып, мамлекеттик «Бала ырысы» программасынын ишке ашырылышы менен таанышты. Канат Сагынбаев башкармалыктын кызматкерлери жана жаңы ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулду алып жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашып, алардын пикирлерин жана жөлөкпулду тариздөөдө жаралган суроолорун укту.
“Бала ырысы” программасы – балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун маанилүү чарасы. Биздин милдет – жөлөкпул алууга укуктуу ар бир үй-бүлө аны өз убагында, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана толук көлөмдө алышын камсыз кылуу», – деди министр.
Министр калкка социалдык кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүнү камсыз кылуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Талас облусунда «Бала ырысы» жөлөкпулуна 9076 жаран арыз берген.
Министрдин жумушчу сапары уланууда. Аймактык бөлүмдөрдү кыдыруунун жыйынтыгында алардын ишин мындан ары өркүндөтүү жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилет.

2026-07-31














