Улуттук квалификациялык кеңештин 7-отуруму болуп өттү

2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, Улуттук квалификациялык кеңештин төрагасы Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында Улуттук квалификациялык кеңештин 7-отуруму болуп өттү.

Отурумга Улуттук квалификациялык кеңештин мүчөлөрү – мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрлердин орун басарлары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, кесиптик бирликтердин жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Улуттук квалификациялар системасын өнүктүрүү, тармактык квалификациялардын алкактарын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу, ошондой эле кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу боюнча методологияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралды.

Кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков баяндама жасады. Ал өз сөзүндө кесиптик квалификациялар системасын өркүндөтүү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоонун жана өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүнүн маанилүү шарты экендигин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Улуттук квалификациялык кеңештин мүчөлөрү Улуттук квалификациялар системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди колдошуп, кесиптик стандарттарды жана тармактык квалификациялардын алкактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана билим берүү системасынын өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган маселелерди карашты.

 

Пайдалуу
Ссылкалар