Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы  административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык  талаптар белгиленет:  

  • Кесиптик билим деңгээли:

 жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникaлык илимдер.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасыньтн Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүу жөнүндө” Мыйзамы
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жонундө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.  

Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

–Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтүн;

-Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

–Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү). 

Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат.

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып  10 жумушчу күн ичинде (05-августунан 19-августка чейин)  электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат.

Дарек: Түп району, Түп айылы, М. Элебаев көчөсү №68 , Телефондор (03922) 2-45-53

Сурап билүү  үчүн байланыш номер:   0502683298

Пайдалуу
Ссылкалар