Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди
Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын ичинен 70 миңге жакыны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.
Кайрылман статусу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнөн турган атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыздарды кароо мөөнөтү үч айды түзөт.
Отчеттук мезгилде кайрылман статусун төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздар алышкан:
- Өзбекстан Республикасы — 16 адам;
- Тажикстан Республикасы — 351 адам;
- Кытай Эл Республикасы — 10 адам;
- Россия Федерациясы — 5 адам;
- Ооганстан — 1 адам;
- башка өлкөлөрдөн — 4 адам.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге дээрлик тең укуктар каралган.
Кайрылман статусуна ээ болгон адамдар социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, медициналык-санитардык жардамды, билим алууну алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө укуктуу.
Кайрылмандын күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул мезгилдин ичинде статус ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.














