Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багуу үчүн жыл сайын бюджеттен каражат каралат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлө иштеп, аларда 244 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган.
Фостердик үй-бүлө – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды мамлекет менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө тарбиялоо үчүн атайын даярдыктан өткөн үй-бүлө.
Фостердик ата-эне болууга 30 жаштан 65 жашка чейинки, атайын окуудан өткөн жарандар талапкер боло алышат.
Министрликтин аймактык башкармалыктары мындай үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү боюнча талаптардын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.
Белгилей кетсек, фостердик үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн берүү тартиби 2020-жылдын 21-декабрындагы №622 токтом менен жөнгө салынат.














