2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда чет өлкөлүктөр үчүн «Амина» тиркемеси милдеттүү болот

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же аталган аймактарда болууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алуу тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайт.

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып миграциялык каттоодон өтүүдө «Амина» мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон чет өлкөлүк жарандардын чөйрөсү кеңейтилет.

Белгиленген тартипке ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 18 жашка толгон чет өлкөлүк жарандардын төмөнкү категориялары «Амина» мобилдик тиркемесин орнотуп, каралган жол-жоболордон өтүп, миграциялык каттоодон белгиленген тартипте өтүүгө милдеттүү:

  • Москва шаарындагы жана Москва облусундагы билим берүү уюмдарында билим алып жаткан 18 жаштан жогорку студенттер;
  • эмгек ишмердигин жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • Москва шаарына жана Москва облусуна эмгек ишмердигине байланышпаган жеке, конокко, туристтик жана башка максаттарда келген, болуу мөөнөтү 90 календардык күндөн ашкан чет өлкөлүк жарандар.

«Амина» мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы 18 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына сунуштар

Министрлик жогоруда көрсөтүлгөн категорияларга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарына «Амина» мобилдик тиркемесин алдын ала орнотуп, зарыл болгон жол-жоболордон өтүп, миграциялык каттоону белгиленген тартипте өз убагында жүргүзүүнү сунуштайт.

Өзгөчө Москва шаарында жана Москва облусунда билим алып жаткан студенттерге, эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле аталган аймактарда узак мөөнөткө болууну пландап жаткан жарандарга көңүл буруу сунушталат.

Министрлик жарандарды жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, зарыл болгон жол-жоболорду акыркы мөөнөткө калтырбоого чакырат.

Кошумча маалымат жана түшүндүрмө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясындагы Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрыла аласыздар:

Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-имарат

Телефондор:
+7 996 968-98-97
+7 925 030-26-27

 

Пайдалуу
Ссылкалар