Чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып жаткан жарандар үчүн кетер алдындагы даярдыктан өтүү милдеттүү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөгө иштөө максатында чыгууну пландап жаткан жарандарга, ошондой эле жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине кетер алдындагы даярдыктан өтүүнүн милдеттүү экендигин эскертет.
«Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүргүзүүгө укук берүүчү уруксаттарды берүү тартиби жөнүндө» №49 жобого, атап айтканда, анын 7-бөлүмүнө ылайык, чет өлкөгө иштөө максатында чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кетер алдындагы даярдыктан өтүү милдеттүү талап болуп саналат.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзгөн жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери ар бир талапкердин кетер алдында даярдыктан өтүүсүн жана тиешелүү маалыматтык материалдар менен таанышуусун камсыз кылууга милдеттүү.
Кетер алдындагы даярдык эмнелерди камтыйт?
Программа жарандарды чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношууга даярдоого багытталып, төмөнкү негизги багыттар боюнча маалыматтарды камтыйт:
- миграциялык мыйзамдар жана баруучу өлкөгө кирүү эрежелери;
- чет өлкөдө болуу, жашоо жана эмгектенүү шарттары;
- эмгек мигранттарынын укуктары жана милдеттери;
- ишке орношкон өлкөнүн маданий жана социалдык өзгөчөлүктөрү;
- финансылык сабаттуулуктун негиздери жана каражаттарды коопсуз башкаруу;
- чет өлкөдө ишке орношуу учурундагы мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана алардын алдын алуу жолдору;
- көйгөйлүү же өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда көрүлүүчү аракеттердин алгоритми;
- өзүнүн эмгек жана башка укуктарын коргоо боюнча сунуштар.
Кетер алдындагы даярдык жарандарга керектүү маалыматтарды алдын ала алууга, чет өлкөдө ишке орношуудагы тобокелдиктерди азайтууга жана барган өлкөдө коопсуз болууга жардам берүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине кетер алдындагы даярдыкты өткөрүү боюнча белгиленген талаптарды так сактоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурат.














