Эмгек министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына көзөмөлдү күчөтөт

 

Кыргызстанда мамлекеттик социалдык заказды каржылоо акыркы жылдары кыйла өстү — 2009-жылдагы 4 млн сомдон 2025-жылы 115 млн сомго чейин жетти.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында министрдин орун басары А. Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, каржылоонун өсүшү кызмат алуучулардын санынын көбөйүшү, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрүнүн кеңейиши жана мамлекеттик социалдык заказдын географиясынын кеңейиши менен байланыштуу.

Ошол эле учурда мамлекеттик социалдык заказдын көлөмү кеңейген сайын көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына жана натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигине мониторинг жүргүзүлдү.

Коллегиянын жүрүшүндө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралды. Талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, өкмөттүк эмес уюмдардын арасында жакшы натыйжаларды көрсөтүп, калкка сапаттуу кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен катар коюлган милдеттерди толук аткарбаган жана каралган кызматтарды иш жүзүндө көрсөтүүнү камсыз кыла албаган уюмдар да бар.

2025-жылы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жарыяланган конкурстарга 154 арыз түшкөн. Тандоонун жыйынтыгы боюнча коомдук пайдалуу 109 долбоор жактырылган.

Аларды ишке ашырууга 2025-жылы 53 млн 946,7 миң сом багытталган. Ал эми 2026-жылы бул долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 86 млн 622,6 миң сомду түзөт.

Планга ылайык, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында 11 149 адамды камтуу каралган. Долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгында пландалган көрсөткүчтүн 64 пайызы кызматтар менен камтылган.

Министрдин орун басары белгилегендей, мамлекеттик социалдык заказ өкмөттүк эмес уюмдарды конкурстук негизде калкка зарыл болгон кызматтарды көрсөтүүгө тартууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна, каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү камсыз кылуу, ошондой эле уюмдардын өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруудагы жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.

Пайдалуу
Ссылкалар