Эмгек министрлиги: жарандардын ар бир кайрылуусу боюнча конкреттүү чечим кабыл алынууга тийиш

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыктары, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Эмгек министринин орун басары Чынгыз Мамат уулу жарандардын кайрылууларын кароо жана аткаруучулук тартиптин абалы боюнча маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, мыйзамдардын жана мамлекеттик кызматчылардын этика кодексинин талаптарын сактоого, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароону камсыз кылуу, эмгек жана кызматтык мыйзамдардын талаптарын сактоо, коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле электрондук окуу модулун жана аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо методологиясын иштеп чыгууну тездетүү сунушталды.

Пайдалуу
Ссылкалар