Жаштар стажировкасы: ийгиликтүү ишке орношуу үчүн практикалык көндүмдөр

Бишкек шаарында стажировкаларды уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле кесиптик жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүү маселелерине арналган үч күндүк тренинг жыйынтыкталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы Чебер: көндүмдөрдү өнүктүрүү» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Тренингдин катышуучулары стажировкаларды уюштуруу, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү, стажёрлорду коштоо жана эмгек рыногуна ийгиликтүү чыгуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча практикалык билим алышты.

30 шаарда жана райондо ишке ашырылган жаштардын стажировкадан өтүү боюнча пилоттук программасы бул инструменттин актуалдуулугун жана натыйжалуулугун көрсөттү. Стажировка жаштарга алгачкы практикалык тажрыйба топтоого, алган билимдерин жумуш ордунда колдонууга, кесиптик жана коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн талаптарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Иш берүүчүлөр үчүн стажировка потенциалдуу кызматкерлерди баалоого жана уюмдун конкреттүү муктаждыктарын эске алуу менен адистерди даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

«Стажировка — бул биринчи иш тажрыйбасына ээ болуу мүмкүнчүлүгү гана эмес. Бул жумушсуз жарандын, иш берүүчүнүн жана мамлекеттин кызыкчылыктарын айкалыштырууга жардам берген натыйжалуу инструмент. Жарандар практикалык көндүмдөргө ээ болушат, иш берүүчүлөр келечектеги адистерди өздөрүнүн муктаждыктарына ылайык даярдоо мүмкүнчүлүгүн алышат, ал эми мамлекет туруктуу иш менен камсыз кылуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деп белгиледи эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К. Досматов.

Тренингдин жабылышында К. Досматов катышуучуларга сертификаттарды тапшырып, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн практикага багытталган механизмдерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктарын эске алуу менен стажировка программасын өлкөнүн калган 24 аймагына кеңейтүү пландалууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги стажировка механизмин өркүндөтүүнү, программанын географиясын кеңейтүүнү, жаңы иш берүүчүлөрдү тартууну жана кесиптик билим берүү уюмдары менен өз ара кызматташууну мындан ары да күчөтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар