Эмгек министрлигинде гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткан адамдарды коргоо, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерине арналган гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары талкууланды.
Бул тууралуу 24-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча валидациялык жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өнүккөн ченемдик-укуктук база түзүлгөн. Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча атайын мыйзам, электрондук мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган коргоо ордерлеринин системасы, пробация кызматынын түзөтүү программалары жана башка механизмдер иштейт.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 17-июлунда Президент гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзамга кол койгон. Анын ичинде эмгек чөйрөсүндө аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле жумуш ордундагы асылууларды жана зомбулукту алдын алууга багытталган чаралар каралган.
Исатбек кызы институционалдык механизмдерди мындан ары өркүндөтүүгө, ведомстволор аралык координацияны күчөтүүгө, ошондой эле жабыр тарткан адамдар үчүн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Министрдин орун басары гендердик зомбулукту өзүнчө бир көрүнүш катары эмес, коомдо сакталып келе жаткан түзүмдүк гендердик теңсиздиктин көрсөткүчтөрүнүн бири катары кароо зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын, аракеттенүүнүн учурдагы механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик органдар менен башка уюмдардын ортосундагы өз ара кызматташууну талкуулашты.
Изилдөө Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен «COVID-19 пандемиясынан кийинки мезгилде Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүндө гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдерин күчөтүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Катышуучулардын сунуштары жана пикирлери изилдөөнү өркүндөтүүдө жана гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндөгү улуттук саясат боюнча сунуштамаларды даярдоодо пайдаланылат.














