Көчмөндөр оюндарында майыптыгы бар адамдар үчүн «Ишеним номурлары» иштеп жатат
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда консультациялык жардамга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар кайда кайрыла аларын маалымдайт.
1-сентябрдан 6-сентябрга чейин иш-чаралар өтүүчү аянтчаларда социалдык коргоо системасынын адистери иш алып барышат. Аларды логотиби бар атайын жилеттеринен таанып билүүгө болот.
Кызматкерлер конокторго аймакта багыт алууга жардам берип, керектүү багытты көрсөтүп, консультациялык жардам беришет жана жүрүп-туруу учурунда көмөк көрсөтүшөт.
Майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу болушу үчүн аймакта жардам көрсөтүлүүчү жайларга алып баруучу атайын көрсөтмө белгилер да орнотулган.
Майып арабасы менен жүргөн коноктор үчүн «Газпром» спорт комплексинин аймагында иш-чара өтүүчү жерге чейин коштоп баруучу атайын транспорт каражаты каралган.
Мындан тышкары, бардык суроолор боюнча төмөнкү «ысык линия» номерлерине кайрылса болот:
0702 942 893
0705 991 979
0703 613 311
Эмгек министрлиги зарыл болгон учурда иш-чара өтүүчү аянтчалардагы адистерге түздөн-түз кайрылууга же жогоруда көрсөтүлгөн номерлерге чалууга чакырды.














