Эмгек министрлигинин жамааты Канат Сагынбаевге биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамааты Канат Латипжанович Сагынбаевге биргелешкен иши жана өлкөнүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын жетекчилиги учурунда министрлик тарабынан калкты социалдык жактан коргоону күчөтүүгө жана системанын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү демилгелер ишке ашырылды.

Атап айтканда, социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылып, балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун жаңы чаралары киргизилди. Анын ичинде үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы жөлөкпулдар белгиленди. Ошондой эле стационардык мекемелерде көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилди.

Социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер да улантылды. Учурда социалдык стационардык мекемелерде кызмат алуучулар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрликтин кызматкерлери Канат Сагынбаевге чың ден соолук, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалашты.

Пайдалуу
Ссылкалар