Эмгек министрлиги Ооган согушунун ардагерлерине ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү жөнүндө маалымдайт

Бишкек шаары, 2026-жылдын 10-сентябры. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ооган согушунун ардагерлерине ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү боюнча айткан пикирин комментарийлейт.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №132 «Жарандардын айрым категорияларына ай сайын берилүүчү акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы №290 токтомуна ылайык, жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде Ооганстандагы согуштук аракеттердин ардагерлерине жана катышуучуларына ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү 2025-жылдын 1-январынан тартып көбөйтүлгөн:

  • башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган аскер кызматкерлеринин арасындагы майыптыгы бар адамдарга — 7 000 сомдон 10 000 сомго чейин;
  • башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына — 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин;
  • аскердик кызмат милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө — 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин.

Ошентип, Ооган согушунун ардагерлерине мамлекеттик колдоону көбөйтүү боюнча чаралар 2025-жылы эле ишке ашырылган.

Ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмүн мындан ары жогорулатууга байланыштуу маселелер мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен каралышы мүмкүн.

Пайдалуу
Ссылкалар