КР Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов катышып, мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө диаспора өкүлдөрүнүн мекендештерди бириктирүүгө, өз ара түшүнүшүүнү жана ынтымакты бекемдөөгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүүгө кошкон салымы белгиленди.
Минтруда менен тыгыз кызматташып, анын ишмердигине көмөк көрсөтүп, мекендештерибизди колдоого кошкон салымы үчүн бир катар диаспора өкүлдөрү ыраазычылык каттары менен сыйланды.
Ошондой эле диаспора өкүлдөрүнүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунун маанилүүлүгү жана кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын жайылтууга кошкон салымы белгиленди.
Камчыбек Досматов мекендештерге активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да диаспоралар менен өз ара байланышты чыңдоо жана мекендештерди колдоо боюнча иштер улантыларын белгиледи.














