«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун май айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – 21 – майына чейин 2567 телефондон кайрылуу, же бир суткада 366 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 30 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 2 же 6,7 % жаш балдардан, ал эми 28 же 93,3 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 21 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 1 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 30 чалуунун  ичинен эркектерден – 9 (30,0%), аялдардан – 19 (63,3 %), балдардан – 2, анын ичинен эркек балдардан – 0, кыздардан – 2 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 6;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 2;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 2;

– психологиялык жабырлануудан – 1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1.

2537 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 12;

– Чуй облусунан – 5;

– Ыссык – Көл облусунан – 5;

– Нарын облусунан – 3;

– Жалал – Абад облусунан –  2;

– Ош облусунан – 2;

– Талас облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар