Өкүлчүлүктүн көмөгү менен кыргызстандыктар айлык акыларын алышты
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештердин эмгек укуктарын ийгиликтүү коргоду. Буга чейин ведомствого «РБК Стройинвест» ЖЧК курулуш компаниясынын жетекчилиги айлык акысын төлөбөй жатканын билдирип, Кыргыз Республикасынын 11 жаранынан коллективдүү кайрылуу түшкөн.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан ыкчам кабыл алынган чаралардын натыйжасында, жалпы суммасы 1 миллион 872 миң рублди түзгөн айлык акы карызы жабыркаган кызматкерлерге которулуп берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары эмгек укуктары бузулган учурда (анын ичинде айлык акысы төлөнбөй калса же өндүрүштүк жаракаттар үчүн компенсация берилбесе) КР Эмгек министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө акысыз укуктук жардам алуу үчүн расмий түрдө кайрыла аларын эскертет.
- Москва шаарындагы Өкүлчүлүктүн дареги: Малая Полянка көч., 7-үй, 5-бөлүк.
- Ишеним телефондору: +7 (495) 197-76-71, +7 (925) 030-26-27.
2026-09-22













