Арлен Алиясов эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын «Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Алиясов Арлен Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн Президенттин Администрациясынын тармактык саясат секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова министрликтин жамаатына жаңы биринчи орун басарды тааныштырды.

Арлен Кубанычбекович Алиясов 2021–2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенип, ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Министрдин биринчи орун басары кызматына дайындалганга чейин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.

Министр Алмаз Имангазиев Арлен Кубанычбековичке мындан аркы ишинде ийгиликтерди, үзүрлүү эмгекти жана чың ден соолукту каалады.

Пайдалуу
Ссылкалар