Эмгек министрлигинде гендердик теңчилик жана аялдарды коргоо маселелери талкууланды
2026-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри А.К. Имангазиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы «Аялдар» түзүмүнүн өкүлү, доктор Сайед Садык менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты.
Өзгөчө көңүл ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, аялуу топторго кирген аялдарды колдоо, жабыркагандарды коргоо жана реабилитациялоо механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле аял-лидерлердин, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын потенциалын жогорулатуу маселелерине бурулду.
Министрлик БУУнун «Аялдар» түзүмүнө көп жылдардан берки кызматташтык, эксперттик жана усулдук колдоо, ошондой эле теңчилик жана зомбулуксуздук принциптерин илгерилетүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү улантууга жана гендердик саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.





















