«Бала ырысы» жөлөкпулун алуучулардын саны 252,7 миңге жетти.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Бала ырысы» мамлекеттик программасын ишке ашырууну улантууда.
Программа ишке киргенден бери «Бала ырысы» жөлөкпулун алуучулардын саны туруктуу өсүүдө.
2026-жылдын июль айында жөлөкпул 191 796 алуучуга каралган болсо, сентябрь айында 232 529 алуучуга, ал эми октябрь айында алуучулардын саны 252 699 адамга жетти.
Июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 903 адамга, же 31,8%га көбөйдү. Сентябрь айына салыштырмалуу өсүш 20 170 алуучуну, же 8,7%ды түздү.

Пайдалуу
Ссылкалар