Эмгек акы боюнча карызды өндүрүү маселеси сотко чейинки тартипте жөнгө салынды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын 10 жаранынан «УМК» ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн.
Жарандардын эмгек укуктарын коргоо максатында Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында 30-сентябрда кайрылган жарандарга эмгек акы боюнча карыз төлөнүп, жалпы суммасы 1 млн 872 миң рублди түздү.
Өкүлчүлүк Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жөнгө салууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.

Пайдалуу
Ссылкалар